Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынынкезектеги
XVI сессиясынын
2025-жылдын 23-декабрындагы №77
Атай айыл өкмөтүнүн Атай айылында бош турган административдик имаратын “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркына административдик имарат катары берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын директору А.Т.Камбаралиевдин 18.12.2025-жылдагы №01-4-15/517 сандуу катын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Архитектура, курулуш, жол жана транспорт» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Эрмек уулунун корутундусун негизинде Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги чакырылган XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Атай айылында жайгашкан, учурда бош турган Д.Залимтөрөев №54 көчөсүндөгү, административдик имарат айланасындагы жери менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркы мекемесине административдик имараты катары берилсин.
2. Имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын белгиленген тартипте түзүү Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Бактыбек уулуна жүктөлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке тапшырылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |