Редакцияот 23.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынынкезектеги

XVI сессиясынын

 

2025-жылдын 23-декабрындагы №78

 

Атай айыл аймагындагы Атай айылынын Жаркынбай көчөсүнүн 660 метр жолуна ысык асфальт төшөө жөнүндө

Атай айыл аймагынын Атай айылынын Жаркынбай көчөсүнүн 660 метр жолуна ысык асфальт төшөө боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги чакырылган XVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Атай айылынын Жаркынбай көчөсүнүн 660 метр жолуна ысык асфальт төшөө боюнча Үлүштүк дем берүүчү грантка” долбоор жазып сунушталсын.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапшырылсын.

 

3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кенешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Атай айылдык кеңешинин төрагасы

 

С. Өскөнбай уулу