Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынынкезектеги
XVI сессиясынын
2025-жылдын 23-декабрындагы №79
Атай айыл аймагынын Арал айылынын М.Рысалиев атындагы көчөсүнө ысык асфальт төшөө үчүн өздүк салым каратуу жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Арал айылындагы М.Рысалиев атындагы көчөгө ысык асфальт төшөө боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги чакырылган XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын М.Рысалиев атындагы көчөсүнө ысык асфальт төшөө үчүн “Үлүштүк дем берүүчү” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адис Замирбек кызы Анаркүлгө тапышырылсын.
2. Ысык асфальт төшөө үчүн өздүк салымга жергиликтүү бюджеттен 1200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом бөлүп берүү ФЭБ башчысы Т.Бактыбек уулуна тапшырылсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кенешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |