Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынынкезектеги
XVI сессиясынын
2025-жылдын 23-декабрындагы №80
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга киреше бөлүгүнө кошумча берилген 31 000 (отуз бир миң) сомду аппараттын чыгаша бөлүгүнүн 2215-беренесине отургузуп берүү боюнча Атай айыл окмөтүнүн башчысынын 22.12.2025-жылдагы № 01-12/4889 сандуу чыгыш катын, Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясын корутундусун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнө 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план болуп берилген калктуу конуштардын жер салыгынан 16 000 (он алты миң) сом, таштандыдан 15 000 (он беш миң) сом, жалпы 31 000 (отуз бир миң) сомду аппараттын 2215-беренесине отургузулуп берилсин.
2. Кошумча план болуп берилген 31 000 (отуз бир миң) сомду Атай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аппаратынын 2215-беренесине отургузуп, максаттуу пайдалануу жагы ФЭБ башчысы Т.Бактыбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |