Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 521 токтомуна)
Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланын жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдын (18 жаштан жогору) багуу боюнча жеке ассистенттин кызматтарын көрсөтүүгө келишимди (мындан ары – келишим) түзүү тартибин;
2) башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) баккан жеке ассистенттин (мындан ары – жеке ассистент) кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө тартибин;
3) келишимдин мазмунун, аны түзүү жана бузуу тартибин;
4) тараптардын келишимдин шарттарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилигин;
5) жеке ассистенттин ишине мониторинг жүргүзүү тартибин.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
ыйгарым укуктуу орган – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
жеке ассистент – ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асырап алуучулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, балдары, неберелери), 65 жашка чейинки (ата-энесин кошпогондо), I топтогу майыптыгы жок жана балдарга карата кылмыштар боюнча соттуулугу жок башка адамдар;
кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу – медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын башка адамдын туруктуу багуусуна муктаждыгы же башка адамдын туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаждыгы жөнүндө корутундусу бар майыптыгы бар бала жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдар (18 жаштан жогору);
арыз ээси – башка бирөөнүн туруктуу багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар баланы жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамды (18 жаштан жогору) багуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө арыз берген адам.
3. Ушул Жобо төмөнкүлөргө колдонулат:
1) майыптыгы бар балдарга жана (же) бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга (18 жаштан жогору) – менчигинин түрүнө карабастан интернат мекемелеринде жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарына;