Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 18- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-апрели № 18-1
Калдык акча каражатын бөлүү жана багыттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана “Бюджеттик кодекс” талаптарын жетекчиликке алып, ошондой эле Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.М.Аттоеванын сунушун угуп, “Бюджет,финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Кошумча соц.объектилерге видео байкоолорду орнотуунун кошумча жумушу үчүн-161 000(бир жүз алтымыш бир миң) сом;
- электр энергиянын кредиттик карызын төлөө үчүн 350 000(үч жүз элүү миң) сом;
- “Келечек” МЧББУнун тамак-аш бышыруучу плиталардын мармиткасынын тендерин сатып алуу үчүн-25 000(жыйырма беш миң)сом;
- Н.Г.Лященко жалпы орто билим берүү мектебинин тамак-аш бышыруучу плиталардын мармиткасынын тендерин сатып алуу үчүн-25 000(жыйырма беш миң) сом;
- “Келечек” МЧББУнун Суу жылытуучу топтомолорун(Аристон) алуу үчүн-20 000(жыйрма миң)сом;
- “Таза Суу” МИнын скважиналарынын ЖУПнун(ПЗУ) жасоо үчүн-103 000(бир жүз үч миң)сом акча каражаттары бөлүнсүн.
Төрага А.Ш. Кыштобаев