Т.ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2021-жылдын 25-майындагы № 2-5
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Бузуулар боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз РеспубликасынынЖазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин,”Пробация жөнүндө”, ”Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18-126-буйругуна ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бузуулар боюнча комиссия курамы 9 кишиден түзүлүп, бекитилсин. (комиссия курамы жана протокол түзүүчүлөр тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, дин, укук, депутаттык этика, маданий каада салттар жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Ж.Назаров |