Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17 июну 29-23/1
Ысык-Кѳлоблустук статистика башкармалыгынын балансына жер тилкеси менен имаратты ѳткѳрʏп берʏʏгѳ макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т.З.Абдысатаровдун, 2026-жылдын 13-майындагы, чыг:№01-17/2332, катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мʏлккѳ муниципалдык менчик жѳнʏндѳ” Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесин жетекчиликке алып, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына Каракол шаарынын Кутманалиев кѳчѳсʏ, №114 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 741,38 чарчы метрди тʏзгѳн, идентификациалык коду 2-01-03-0056-0017 жер тилкеси менен имаратты, Каракол шаарынын Ысык-Кѳл облусттук статистика башкармалыгынын балансына ѳткѳрʏп берʏʏгѳ макулдук берилсин.Каракол шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык, жер тилкеси менен имаратты ѳткѳрʏп берʏʏ боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду жʏргʏзсʏн.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
2. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар.