Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17 июну 29-23/2
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын балансына жер тилкесин ѳткѳрʏп берʏʏгѳ
макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т.З.Абдысатаровдун, 2026-жылдын 15-майындагы, чыг:№01-17-2376, катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мʏлккѳ муниципалдык менчик жѳнʏндѳ” Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын Кыдыр Аке кѳчѳсʏндѳ жайгашкан жалпы аянты 2048,7 м2 болгон идентификациалык коду 2-01-01-0180-0145 жер тилкесин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын балансына административдик имарат куруу ʏчʏн ѳткѳрʏп берʏʏгѳ макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы жер тилкесин ѳткѳрʏп берʏʏ боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык жʏргʏзсʏн.
3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар