Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-июну №29-23/8
Ж-2Б зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун, Ж-2Б зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2026-жылдын 01-апрелиндеги, чыг:№01-17-1648 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Ж-2Б зонасынын (майда мʏйʏздʏʏ малды кармоого уруксааты бар, жеке менчик турак жай) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаары, Элебаев кѳчѳсʏ, №98 дарегинде жайгашкан, аянты 600,0 м2 жер тилкесин,
Ц-2 (жергиликтʏʏ маанидеги тейлѳѳ борборлорунун жана коммерциялык ишмердʏʏлʏктʏн зонасы) зонасына которулсун.
2. Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ жана толуктоону Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине киргизсин;
-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Ногоев Ж.А, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актылары жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлундагы №241 Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар