Редакцияот 07.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

                                          ТОКТОМ

 

 

2026-жылдын 17-июну №29-23/9

 

 

Ж-1И зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун, Ж-1И зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2026-жылдын 01-апрелиндеги, чыг:№01-17-1647, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXIII сессиясы,

                                                    токтом кылат:

1.    Ж-1И зонасынын (тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттарын чектѳѳ менен жеке менчик турак жай курулушунун) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаары, Жусаев кѳчѳсʏ, №120 дарегинде жайгашкан, аянты 870,90 м2 жер тилкесин, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, иштиктʏʏ жана коммерциялык активдʏʏлʏк зонасы) зонасына которулсун.

2.    Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ жана толуктоону Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине киргизсин;

           -токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

3.    М. Шамшиев, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону камсыз кылсын.

4.    Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актылары жөнүндө» 2009-жылдын 20-июлундагы №241 Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин. 

5.    Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.

6.    Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.

 

 

 

                 Тѳрага                                Таштанбек уулу Санжар