Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
2026-жылдын 24 июну 29-24/2
Каракол шаарынын жайыт жерлерин башка багыттарга пайдалануу үчүн жыйымдардын өлчөмүн бекитүү жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т. Абдысатаровдун 11.06.2026 жылдын чыг..№ 01-17-2848 катын карап жана талкуулап, экономика, каржы, соода, өнөржай, туризм, инвестиция, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын жайыт жерлерин башка багыттарга пайдалануу үчүн жыйымдардын өлчөмүн төмөнкү №1 таблицага ылайык бекитилсин.
№1 таблицасы
№ |
Ишмердүүлүктүн түрү |
Жер аянты (1га) | Жыйымдын суммасы (сом) мезгил сезон |
1 | Жеӊил конструкция менен курулмаларды тургузуу жана туристтик ишмердүүлүктү жүргүзүү |
1 |
50 000 |
2 | Жеӊил конструкция менен (Боз үй, чатыр) курулмаларды орнотуп, сүт продукцияларын өндүрүү, сүт азыктары менен дарылоочу жайларын ачуу |
1 конуш |
10 000 |
3 | Жайыт жерлерин айыл чарба айдоо багытында пайдалануу, көп чөптөрдүү, мөмө-жемиш бактарын жана башка өсүмдүк түрлөрүн өстүрүү |
1 |
10 000 |
4. | Жапайы өскөн мөмө, жемиш, козу карын, башка тамак аш азыктарын, жеке пайдалануу максатында чогултуу жана дарылык-техникалык чийки затты чогултуу |
1 |
5000 |
2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык, бул токтом ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтом кол коюлган учурдан тартып кʏчʏнѳ кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар