Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13 июлу 29-25/1
Жер тилкелерин алмашууга
макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т.Абдысатаровдун, 2026-жылдын 30-июнундагы, чыг:№01-17/3175 катын карап чыгып, муниципалдык менчик объекттерин алмашуу жѳнʏндѳ келишим тʏзʏʏгѳ макулдук берʏʏ жѳнʏндѳгʏ, Каракол шаардык Кенешинин 2026-жылдын 26-мартындагы №29-19/1 токтому менен бекитилген “Каракол шаарынын муниципалдык менчик объекттерин алмашуунун тартиби жѳнʏндѳ” Жобонун 23-пунктунун жана 2026-жылдын 29-июнундагы № Пр-20 жана №Пр-21 муниципалдык менчик объекттерин алмашуу боюнча комиссиянын протоколдук чечимдерине ылайык, Каракол шаардык Кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXV кезексиз сессиясы,
токтом кылат:
1. 2026-жылдын 29-июнундагы муниципалдык менчик обьекттерин алмашуу боюнча комиссиянын № Пр-20 жана №Пр-21 протоколдук чечимине ылайык, К.Карасаев, И. Кʏчʏков жана Боронбай-Хан кѳчѳлѳрʏнʏн ортосунда жайгашкан жер тилкелерин, Каракол шаарынын Масанчи жана Кузбасская кѳчѳлѳрʏнʏн ортосунда жайгашкан муниципалдык жер тилкелерине алмаштырууга № Пр-20 жана №Пр-21 протоколдордо көрсөтүлгөн тизмеге ылайык макулдук берилсин.Каракол шаарынын Мэриясы, бул токтомду аткаруу ʏчʏн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык бардык зарыл болгон жол-жоболор жʏргʏзʏлсʏн.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” жана мыйзамына ылайык, бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтом кол коюлган кʏндѳн тартып кʏчʏнѳ кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар