Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13 июлу 29-25/2
2024-жылдын 20 августундагы «СХ-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзөртүүнү киргизүү жөнүндө» № 28-46/1 Каракол шаардык кеӊешинин токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т.Абдысатаровдун, 2026-жылдын 29-июнундагы, чыг:№01-17/3171 катын карап жана талкууга алып, Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесин жетекчилике алып, Каракол шаардык Кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXV кезексиз сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кеӊешинин 2024-жылдын 20 августундагы № 28-46/1 «СХ-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзөртүү киргизүү жөнүндө» токтому жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” мыйзамына ылайык, бул токтом мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтом кол коюлган кʏндѳн тартып кʏчʏнѳ кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар