Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
07.07.2026 №57
Кыдыр Аке өкмөтүнүн карамагындагы
“Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС” муниципалдык ишканасына
Лизинг жолу менен техника алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС” муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатындагы айыл өкмөтүнүн сунушун карап, жергиликтүү кеңештин бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу коммиссиянын 2026-жылдын 1-июлундагы №8-протоколунун негизинде, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1.Кыдыр Аке өкмөтүнүн карамагындагы “Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС” муниципалдык ишканасына “ОсОО Элдик Лизинг” тарабынан берилүүчү грейдер LiuGong CLG4215D 1 (бир) даана 5 (беш) жылдык мөөнөткө 15 (он беш) пайыз менен лизинг аркылуу алуу үчүн макулдук берилсин.
2. Грейдер LiuGong CLG4215D техникасынын жалпы баасы 8 272 000 (сегиз миллион эки жүз жетимиш эки миң) сомду түзөт. Ысык-көл өнүктүрүү фондунан 40 (кырк ) пайыз суралсын, ал эми өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 60 (алтымыш) пайыз каралсын.
3.Лизинг алуучу-Кыдыр Аке айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС” муниципалдык ишканасы, лизинг келишиминде белгиленген 5 (беш) жылдык мөөнөт ичинде жана төлөмдөр толук бүткөнгө чейин, лизинг төлөмдөрүн жергиликтүү бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө артыкчылыктуу тартипте киргизүүнү жана үзгүлтүксүз каржылоону камсыз кылууга милдеттендирилсин.
4.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, жана көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштуу туруктуу коммиссиянын төрагасы К.Б.Асанбековго жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов