Редакцияот 21.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢОРЧОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Коңорчок айылдык кеңешинин сессиясы

 

 

2021-жылдын 21-июнундагы № 6/6

 

«Ардактуу атуул» наамын берүү жɵнүндɵ

 

Конорчок айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жɵнүндɵгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,Депутаттардын Конорчок айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Конорчок айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн заседаниесинин 2021-жылдын 18-июнундагы сунушуна ылайык тɵмɵндɵгү атуулдарга Конорчок айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.

Акиев Арстанбек-жеке ишкер

Боталиев Шамшыбек Эсенгулович-АЧД боюнча адис

Сейдакматов Таалайбек –жеке ишкер

Сатындиев Кубанычбек Мамбетжусупович-Вет.адис

Кожоев Айбек Токонович-Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин директору

Айдаров Жумабек Качыгулович-механизатор

Калыков Жолдошбек-устачы

2. «Ардактуу атуул» наамын алган атуулдарга тɵш белгисин жана күбɵлүгүн салтанаттуу түрдɵ тапшыруу жагы айыл ɵкмɵт башчысына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

А.Курманбаев