Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясынын
2026-жылдын 12-майындагы №4/2
Ак-Коргон айылындагы А.Каюмов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык жер тилкесин түз сатуу жолу менен менчикке берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 24-беренесинин жана 28-беренесинин 1-10-пункуттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомунун “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобосуна ылайык, ошондой эле аталган жер тилкеси мурда жарандардын менчигинде болуп,айылдык кеңешинин 2025-жылдын 6-февралындагы №3/5 токтомунун негизинде муниципалдык менчикке өткөрүлгөндүгүн, учурда жарандар тарабынан мурда курулган имараттары иш жүзүндө пайдаланып жаткандыгына байланыштуу жер тилкесин кайрадан пайдаланууга берүү максатка ылайыктуу экендигин эске алып Т.Балтагулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы А.Каюмов көчөсүндөгү муниципалдык менчикте болгон жалпы аянты 0,22га жер тилкесин түз сатуу жолу менен мурдагы пайдалануучуга менчикке берүүгө макулдук берилсин.
2.Жер тилкесин сатуу баасы лицензияланган көз карандысыз баалоочунун 2026-жылдын 27-февралындагы №25-26 баалоо корутундусуна ылайык белгиленсин.
3.Т.Балтагулов айыл өкмөтүнө:
-жерге жайгаштыруу жана кадастрдык документтерди мыйзам талаптарына ылайык даярдоо;
-сатып алуучу менен сатып алуу-сатуу келишимин мыйзам талаптарына ылайык түзүү;
-мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин уюштуруу;
-төлөмдөрдүн жергиликтүү бюджетке түшүүсүн камсыз кылуу тапшырылсын.
4.Жер тилкеси Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык максаттуу багыты боюнча пайдаланылсын.
5.Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
6.Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына белгиленген тартипте жөнөтсүн.
7.Ушул токтом расмий жарыялангандан жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов |