КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Суу айылдык кеңешинин 18-чакырылышынын 6-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 24-сентябрындагы № 6/1
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 12-февралындагы №1/3 токтому менен бекитилген Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата жайыт башкаруу жана көчүү конуу, жайыттарды которуштуруп пайдалануунун жылдык планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-сентябрындагы №389 катынын жана Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 20-сентябрындагы Актысынын негизинде. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата жайыт башкаруу жана көчүү конуу, жайыттарды которуштуруп пайдалануунун жылдык планындагы 01.10 деген цифралар 24.09 деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага: |
| Ж Иманкулов |