Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2026-жылдын 04-марты № 122
Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы “2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” №18 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы “2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” №18 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын 25-февралындагы №2 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2025–жылдын 27-февралындагы “2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” №18 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1, 2, 5, 7, 8, 9-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2, 5, 7, 8, 9-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын (тиркемелер тиркелет).
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И. Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |