Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2026-жылдын 04-марты № 123
Муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары М.А.Айдарбекованын муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын 25-февралындагы №4 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.“Сантерра-Юг” коомдук кайрымдуулук фондуна 5 жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген Ош шаарындагы Амир-Тимур көчөсүнүн №8/914 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 1-кабатындагы 200 чарчы метр бөлмөнү муниципалдык ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |