Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
4-сессиясынын
2026-жылдын 12-майындагы №4/3
Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуш кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Т.Балтагулов айыл аймагында тазалык муниципалдык ишканасынын ишин жакшыртуу, айылдарда гигиеналык абалды туруктуу сактоо максатында таштанды ташып чыгаруучу заманбап техника сатып алуу жана Ак-Коргон айылындагы А.Юсупалиев орто мектебинин жараксыз абалда болгон имаратынын чатырын жаңылоо жана Жапа-Салды айылындагы А.Жорокулов атындагы балдар бакчасынын имаратынын эшик терезелерин жаңылоо боюнча айыл өкмөт башчысы П.Касымбековдун берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын “Чанач-Сай”муниципалдык ишканасына таштанды ташып чыгаруучу заманбап техника, А.Юсупалиев орто мектебинин чатырынын жана А.Жорокулов атындагы балдар бакчасынын эшик терезелерин жаңылоо долбоорлору Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.Сунушталган долбоор боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы П.Касымбековго жүктөлсүн.
3.Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
4.Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына белгиленген тартипте жөнөтсүн.
5.Ушул токтом расмий жарыялангандан жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов |