Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
4-сессиясынын
2026-жылдын 12-майындагы №4/4
Т.Балтагулов айыл аймагынында түзүлгөн “Ак-Коргон сүт” сүт өндүрүүчүлөр жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 21-февралындагы “Жамааттар (коомчулуктар) жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамына ылайык Т.Балтагулов айыл аймагынын Ак-Коргон айылынын тургундарынын 2026-жылдын 12-майындагы жалпы чогулушунун №1 Протоколундагы “Ак-Коргон сүт” сүт өндүрүүчүлөр жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Т.Балтагулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы “Ак-Коргон сүт” өндүрүүчүлөр жамаатынын Уставы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Бекитилген уставга ылайык иш алып баруу “Ак-Коргон сүт” өндүрүүчүлөр жамаатына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
4.Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына белгиленген тартипте жөнөтсүн.
5.Ушул токтом расмий жарыялангандан жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов |