Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз
4-сессиясынын
2026-жылдын 12-майындагы №4/5
Т.Балтагулов айыл аймагынын Баястан айылындагы “Протравка” участкасынан жер аянтын өнөр жай багытына которууга (трансформациялоо) сунуштоо жөнүндө
Т.Балтагулов айыл аймагында инвестиция тартуу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү жана аймак калкынын социалдык-экономикалык жашоо шартын жакшыртуу максатында айыл өкмөт башчысы П.Касымбековдун берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын Баястан айылындагы “Протравка участкасындагы №57 контурундагы 2,80 га жер аянтына инвестиция тартуу жолу менен айыл чарба продукцияларын иштеп чыгаруучу ишканаларды куруу үчүн өнөр жай багытына которуу (трансформациялоо) тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан суралсын.
2.Токтомго ылайык сунушталган жер аянты боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы П.Касымбековго жүктөлсүн.
3.Ушул токтом айыл өкмөттүн “alabuka.kg” веб-сайтында жарыялансын.
4.Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчөрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына белгиленген тартипте жөнөтсүн.
5.Ушул токтом расмий жарыялангандан жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилгенден кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов |