Загрузка документа…
| Тиркеме |
| Долбоор |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-августундагы № 605-т тескемеси менен макулдашылды) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз
Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
аппараты менен Россия Федерациясынын Нижегород облусунун
Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-
техникалык, маданий-гуманитардык жана социалдык
чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Россия Федерациясынын Нижегород облусунун Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып, 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алып, соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдө Тараптардын ортосундагы эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө ниеттенип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Россия Федерациясынын Нижегород облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкчылыкты көңүлгө алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Ушул Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына, ошондой эле Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдө Тараптардын кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо болуп саналат.
Тараптар ушул Макулдашууну ак ниет жана натыйжалуу ишке ашыруу максатында анын алкагында өз ишин талаптагыдай координациялоого күч-аракетин жумшайт.
2-берене
Тараптар өз компетенциясынын алкагында соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин эске алуу менен төмөнкү багыттар боюнча өз ара аракеттенет:
- өнөр жай;
- ишкердик;
- айыл чарба;
- токой жана аңчылык чарбасы;
- соода;
- курулуш;
- турак жай-коммуналдык чарба;
- транспорт;
- инвестициялык жана инновациялык иш;
- экология;
- саламаттык сактоо;
- билим берүү жана илим;
- маданият жана искусство;
- туризм;
- спорт;
- жаштар саясаты.
3-берене
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын пландарын иштеп чыгышы жана кабыл алышы, ошондой эле ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ишин координациялоо үчүн биргелешкен жумушчу топторду түзүшү мүмкүн.
Ушул Макулдашуунун алкагындагы конкреттүү долбоорлор, пландар, келишимдер жана контракттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык түздөн-түз Тараптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун аймагында жана Россия Федерациясынын Нижегород облусунун аймагында катталган чарба жүргүзүүчү субъекттер (мындан ары – чарба жүргүзүүчү субъекттер) тарабынан ишке ашырылат.
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерден жана контракттардан келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартпайт.
4-берене
Тараптар Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Россия Федерациясынын Нижегород облусунун ишкер чөйрөлөрү аркылуу кызматташууну өнүктүрүүнү колдойт, ошондой эле алардын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Россия Федерациясынын Нижегород облусунун аймагында өткөрүлүүчү экономикалык жана инвестициялык тематика боюнча иш-чараларга катышуусуна көмөктөшөт.
5-берене
Тараптар чарба жүргүзүүчү субъекттердин Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Россия Федерациясынын Нижегород облусунун аймагында өткөрүлүүчү жарманкелерге, көргөзмөлөргө жана башка иш-чараларга катышуусуна көмөктөшөт, кызматташуунун соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрүндөгү ар кандай багыттар боюнча маалымат алмашат.
6-берене
Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана социалдык кызматташуунун ар кандай тармактарында делегацияларды жана адистерди алмашууга көмөктөшөт жана аталган чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин карайт.
7-берене
Ушул Макулдашуунун негизинде Тараптар тарабынан алынган маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жана бул маалымат алынган Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксаты болсо гана үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн.
Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалымат менен алмашпайт.
8-берене
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Россия Федерациясынын мыйзамдарындагы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы бардык өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине маалымдайт.
9-берене
Ушул Макулдашуу Тараптардын үчүнчү тараптар менен түзгөн келишимдери боюнча укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
10-берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу Тараптардын ортосундагы талаш маселелер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
11-берене
Ушул Макулдашууга бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча киргизилет жана өзүнчө протоколдор менен таризделет.
12-берене
Ушул Макулдашуу Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл ичинде колдонулат.
Эгерде Тараптардын бири тиешелүү беш жылдык мөөнөт аяктаганга чейин кеминде алты айдан кеч эмес ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, анын колдонулушу кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуу колдонулган мезгилде ишке ашырылып жаткан долбоорлорду, пландарды, келишимдерди жана контракттарды аткаруу боюнча милдеттенмелерге таасирин тийгизбейт.
202_-жылдын «___» ____________ ____________ шаарында эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты үчүн _______________________ | Россия Федерациясынын Нижегород облусунун Өкмөтү үчүн
_______________________ |