Редакцияот 18.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

 

2021-жылдын 18-октябрындагы № III/I

 

 

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине өз ара эептешүүлөр боюнча кошумча түшкөн акча-каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т.

 

1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине өз ара эептешүүлөр аркылуу 510,0 ( беш жүз он миң ) сом кошумча түшкөн акча каражаты төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн:

 

·         Ой-Терскен орто мектебине 130,0 тонна көмүр отунун алууга 390,0 ( үч жүз токсон миң) сом

·         “Ача-Кайынды” бала бакчасына 40,0 тонна көмүр отунун алууга 120,0 ( бир жүз жыйырма миң) сом.

2. Келген акча-каражаттарга кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасовага тапшырылсын.

 

Төрага:

 

М.Мааткабылов