АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 18-октябрындагы № III/III
Ача-Кайынды айыл аймагындагы “Ачакайыңды” бала бакчасынын ата-энелерден түшкөн акыны жогорулатып берүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагындагы “Ачакайыңды” бала бакча башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. “Ачакайыңды” бала бакчасынын ата-энелерден түшкөн акыны ноябрь айынан баштап 1/бир/ балага 100,00 /жүз/ сомго жогорулатып берилсин, же болбосо ар бир балага 600,00/ алты жүз/ сомдук ата-энелик бала бакча акысы белгиленсин.
2. Бекитилген акча-каражатка кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомду айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн веб.сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы М.Асаналиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасовага тапшырылсын.
Төрага: |
| М.Мааткабылов |