Редакцияот 18.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

 

2021-жылдын 18-октябрындагы № III/IV

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар курамына толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018–жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126-буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү Жобого ылайык Ача-Кайыңды айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын 29-август 2019-жылдагы № VI/VI токтому менен Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар курамынан Мурзалиев Азамат Бердалиевич жана Алмамбетов Камчыбек Бейшеналиевичтер жергиликтүү кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгы эске алынып комисиялык иши токтотулсун.

2. Комиссия курамына айылдык кенештин депутаттары Мааткабылов Малик Монолдорович 26.09.1982. 22609198200453, Жаныбек уулу Анарбек 20.12.1992. 22012199201040 толукталсын жана бекитилген жобого ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевке тапшырылсын.

 

Төрага:

 

М.Мааткабылов