Редакцияот 27.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXIX-чакырылышынын) кезектеги XXXXII - сессиясы

 

2021-жылдын 27-октябрындагы № 1

Чаек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Чаек айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат :

 

1. Күйүүчү майдын баасы эки эсеге жакын кымбаттаганына байланыштуу төмөндө көрсөтүлгөн акча каражаттар:

- ЖКЧ бөлүмүнүн 2221 (учурдагы оңдоо) беренесиндеги 60,0 (алтымыш миң) сом акча каражаты;

- Бала бакчалардын 2211 (иш сапар) беренесиндеги 40,0 (кырк миң) сом акча каражаты;

- Бала бакчалардын 2212 (байланыш кызмат) беренесиндеги 10,0 (он миң) сом акча каражаты;

- Мектептердин 2212 (байланыш кызмат) беренесиндеги 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты;

- АУП тун 2212 (байланыш кызмат) беренесиндеги 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты;

- АУП тун 3111 (имараттар жана курулмалар) беренесиндеги 150,0 (жүз элүү миң) сом акча каражаты. Баардыгы 340,0 (үч жүз кырк миң) сом акча каражаты 2214 (күйүүчү майлар) беренесине жылдырылсын жана багытталсын. Анын ичинен:

- АУП тун 2214 (күйүүчү майлар) беренесине 50,0 (элүү миң) сом.

- ЖКЧ бөлүмүнө 2214 (күйүүчү майлар) беренесине 290,0 (эки жүз токсон миң) сом

2. Чаек айыл өкмөтүнүн «Нур Булак» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө тамак-аштын баасы эки эсеге жакын кымбаттап кеткендигине байланыштуу жетпей калуу тобокелчилиги болгондуктан 2021-жылы бөлүнгөн акча каражаты жетпей калууда.

- «Нур Булак» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнүн 3111 (имараттар жана курулмалар) беренесиндеги 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты;

- «Нур Булак» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнүн 2211 (иш сапар) беренесиндеги 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты. Баардыгы 150,0 (жүз элүү миң) сом акча каражаты 2218 (тамак-аш) беренесине жылдырылсын жана багытталсын.

3. Минбай уулу Эрнис атындагы бала бакчанын кошумча имаратынын курулушуна

- АУП тун 3111 (имараттар жана курулмалар) беренесиндеги 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражаты (Чукур айылындагы минифутбол аянтынын курулуш долбооруна өздүк салым катары 2020-жылдагы үнөмдөлгөн акча каражаты) бала бакчалардын 3111 (имараттар жана курулмалар) беренесине 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражаты жылдырылсын жана багытталсын.

4. Чаек айылынын Генералдык Планынын долбоорун корректирлөө боюнча Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долборлоо институтуна келишим боюнча калдык калган акча каражатты төлөп берүү максатында

- АУП тун 3111 (имараттар жана курулмалар) беренесиндеги 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражаты (Шортон айылындагы минифутбол аянтынын курулуш долбоорундагы өздүк салым катары 2020-жылдын үнөмдөлгөн акча каражаты);

- АУП тун 2221 (учурдагы оңдоо) беренесиндеги 45,0 (кырк беш миң) сом акча каражаты (Ак-Татыр айылындагы күрөш залынын жылуулугун оңдоого бөлүнгөн 2020-жылдын үнөмдөлгөн акча каражаты);

- АУП тун 2215 (ар кандай чыгымдар) беренесиндеги 52,4 (элүү эки миң төрт жүз) сом өкүлчүлүк чыгымдарга бөлүнгөн акча каражаты, баардыгы 597,4 (беш жүз токсон жети миң төрт жүз) сом акча каражаты 2215 (ар кандай чыгымдар) беренесине жылдырылсын жана багытталсын.

5. Мектептерге Манас тануу кружогуна керектелген китептерди жана дене- тарбия сабагына топторду сатып берүүгө.

- Мектептердин 2215 (ар кандай чыгымдар) беренесиндеги балдар окуу борборунун ар кандай чыгымдар үчүн каралган 100 (жүз миң) сом акча каражаттан, мектептердин 2215 (ар кандай чыгымдар) беренесине Манас таануу кружогуна 40,0 (кырк миң) сом акча каражаты, мектептердин 2215 (ар кандай чыгымдар) беренесине дене-тарбия сабагына топ алып берүүгө 44,0 (кырк төрт миң) сом акча каражаты багытталсын.

6. Мидин Алыбаев орто мектебинин чатырын оңдоого шифер сатып алууга.

- Мектептердин 2221 (учурдагы оңдоо) беренесиндеги Т.Турсунбаева мектеп гимназиясынын электр энергиясын жер асты менен киргизүүгө 333,0 (үч жүз отуз үч миң) сом бөлүнгөн акча каражаттан, мектептердин 2221 (учурдагы оңдоо) беренесине Мидин Алыбаев орто мектебинин чатырын оңдоого шифер сатып алууга 32,0 (отуз эки миң) сом акча каражаты багытталсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

У.Жунушалиев