ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXVI сессиясы
2021-жылдын 30-июнундагы № 9
“ТОБС” жоопкерчилиги чектелген коомунун геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Нарын дарыясынын сол куймасынан Ала-Буга дарыясынын Кызыл-Кыр аянтынан геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат сурап кайрылган.
Жогорудагыларды белгилеп Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин XXXVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “ТОБС” жоопкерчилиги чектелген коому геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна алган №6783 АР лицензиясынын “Объектинин административдик жайгашкан жери” Тогуз-Торо району Жалал-Абад областы деп ондолсун.
2. Геологиялык чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна алган №6783 АР лицензиясынын “Объектинин административдик жайгашкан жери” Тогуз-Торо району Жалал-Абад областы деп ондолгонун тастыктаган кѳчүрмѳлѳрүн (күбѳлѳндүрүлгѳн) камсыз кылуу жагы “ТОБС” жоопкерчилиги чектелген коому жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. ТОБС” жоопкерчилиги чектелген коомунун №6783 АР лицензиясы ондолуп, жергиликтүү кенештин депуттары таанышкандан кийин ганаТогуз-Торо айыл аймагындагы Нарын дарыясынын сол куймасынан Ала-Буга дарыясынын Кызыл-Кыр аянтынын геологиялык чалгындоо иштери баштоого уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы У.Кѳчѳрбаевге тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | Р.Ажыбаев |