ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXVI сессиясы
2021-жылдын 30-июнундагы № 12
Тогуз -Торо райондук ѳнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан Дѳдѳмѳл айылындагы кичи футболдук аянтчасын куруу жѳнүндѳгү долбоор боюнча жалпы элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жѳнүндѳ
Тогуз-Торо айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Кѳчѳрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз -Торо райондук ѳнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан Дѳдѳмѳл айылындагы кичи футболдук аянтчасын куруу жѳнүндѳгү долбоорун сунуштаган Дѳдѳмѳл айылынын жалпы элинин чогулушунун токтому жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Тогуз-Торо айылдык кенешинин бардык 3 комиссиясына тен бирдей жүктѳлсүн.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы З.Акуновага милдеттендирилсин.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | Р.Ѳ.Ажыбаев |