ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXVI сессиясы
2021-жылдын 30-июнундагы № 14
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезектеги XXXVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү аппаратка каралган 2215 беренесинен 166,2 мин сомду аппараттын 3111 беренесине жылдырууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет, экономика,муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Сапарбековго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | Р.Ѳ.Ажыбаев |