ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXVII сессиясы
2021-жылдын 16-июлундагы № 16
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнун айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXI шайланышынын) кезексиз XXXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү аппараттын 3111 беренесинен каралган Дөдөмөл айылынын ички жолуна кара шагыл төшөөгө оздук салымы үчүн 328304 сом пайдаланылбай калгандыктан ушул эле аппараттын 3111 беренесинен Кайынды каналынын өздүк салымына 211599 сом,Орнөк айылынын көчөлөрүн жарыктандырууга 116705 сом пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Сапарбековго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | Р.Ѳ.Ажыбаев |