Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXIX сессиясы

 

 

2021-жылдын 29-октябрындагы № 21

 

Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жерлердин аймактарын кеӊейтүү үчүн генпландан сырткары кошумча жер аянттарын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-январь 2008-жылдагы №19- токтомунун 6-пунктуна ылайык айыл жерлеринин аймактарын кеӊейтүү үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформация) максатында Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXVI сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Казарман айылынын күн чыгыш тарабындагы

Ынтымак участкасынан - 7,4 га суу баскан аянт

Дөдөмөл айылынын күн чыгыш тарабындагы 7,1 га суу баскан аянт,

7,9 га кайрак аянт

Кош-Булак айылынын батыш тарабынан чоӊ жолго чейин 22,3 гектар суу баскан аянт. Бул жерлер айылдарды кеӊейтүү үчүн которулсун. (трансформациялансын)

Суу баскан аянт 36,8 гектар, 7,9 гектар кайрак, жалпы 44,7 гектар аянт.

 

2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

 

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин

Төрагасы

Р.Ѳ.Ажыбаев