ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXX сессиясы
2021-жылдын 5-ноябрындагы № 23
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу соц.объектилердин 2021/2022-жылдарга кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXI шайланышынын ) кезектеги чакырылган ХХХХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу соц.объектилердин 2021/2022-жылдарга кыш мезгилине карата даярдыгы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кѳмүр менен эртерээк камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы У.Кѳчѳрбаевге милдеттендирилсин.
3. Регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура- курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | Р.Ѳ.Ажыбаев |