ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXX сессиясы
2021-жылдын 5-ноябрындагы № 25
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXIшайланышынын) кезектеги XXXX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү төмөндөгү айрым беренелерге өзгөртүүлөр киргизилсин.
-Аппараттын 2121 беренесинен 18,4миң сомду ,аппараттын 2111 беренесине жылдырылсын.
-Аппараттын 2121 беренесинен 16,4 миң сомду, жайыттын 2215 беренесине жылдырылсын.
-Айылдык китепканасынын 3112 беренесинен 10,0 миң сомду айылдык китепкананын 2111беренесине жылдырылсын.
-Айылдык китепкананын 2231 беренесинен 5,0 миң сомду айылдык китепкананын 2121 беренесине 4,5мин сом,2111беренесине 0,5 мин сом, жылдырылсын.
-Айылдык китепкананын 2215 беренесинен 1,2 миң сомду айылдык китепкананын 2111 беренесине жылдырылсын.
-Орто мектептин 2215 беренсинен 8,2 миң сомду жайыттын 2215 беренесине жылдырылсын.
-Орто мектептин 2224 беренесинен 350,0 миң сомду аппараттын 3111 беренесине 200,0 миң сом 3112 беренесине 150,0 миң сом жылдырылсын.
-Бала бакчанын 2222 беренесинен 30,0 миң сомду жана 3112 беренесинен 20,0 миң сомду аппараттын 3112 беренесине жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Сапарбековго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин Төрагасы | Р.Ѳ.Ажыбаев |