Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дара айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы

 

 

2021-жылдын 15-октябрындагы № 21

 

Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин кезектеги ремонт иштерине карата даярдыктардын абалы жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин кезектеги ремонт иштерине карата даярдыктардын абалы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:

 

 

1. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилердин кезектеги ремонт иштерине карата жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Р.Сайкалова