Редакцияот 15.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дара айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги IV сессиясы

 

 

2021-жылдын 15-октябрындагы № 23

 

Дара айыл аймагындагы мектеп директорлору, балдар бакчалары жана китепкана башчыларынын жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

Дара айыл аймагындагы мектеп директорлору, балдар бакчалары жана китепкана башчыларынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча айыл башчыларынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:

 

1. Дара айыл аймагындагы мектеп директорлору, балдар бакчалары жана китепкана башчыларынын жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык деп табылсын.

2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

Р.Сайкалова