Редакцияот 30.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) алтынчы сессиясы

 

 

2021-жылдын 30-октябрындагы № 6-3

 

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарып жаткан иштеринин отчётун угуу жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарып жаткан иштеринин отчётун угуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши

 

токтом кылат:

 

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин аткарып жаткан иштеринин отчёту жакшы деп табылсын (тиркеме тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Женишбай уулу Э