КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) алтынчы сессиясы
2021-жылдын 30-октябрындагы № 6-4
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы РИИБ нин участкалык инспекторунун (ИДН) кылмыштуулуктун абалы боюнча маалыматын угуу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы РИИБ нин участкалык инспекторунун (ИДН) кылмыштуулуктун абалы боюнча маалыматын угуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы РИИБ нин участкалык инспекторунун (ИДН) кылмыштуулуктун абалы боюнча берген маалыматы жакшы деп баалансын (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук, тартип, этика, дин иштери, үй бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай уулу Э |