Редакцияот 30.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) алтынчы сессиясы

 

 

2021-жылдын 30-октябрындагы № 6-6

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары” мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдорун айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз-Ата айылдык кенеши

токтом кылат:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына көрсөтүлгөн комиссия резервин бекитүү жөнүндөгү жамаат, дыйкан чарба жана мекеме-ишканалардын протоколдору бекитилсин (тиркеме тиркелет)

 

2. Токтом Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тарбия, тартип, этика, дин иштери, үрп-адаттар, каада-салттар жана үй-бүлөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

Женишбай уулу Э