КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 18-чакырылышынын 2-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 26-августундагы № 2/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-2024-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 18,31-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-2024-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
2022-жылдын жергиликтүү бюджети- 16 832,8миң сом:
- Республикалык бюджет-12 402,4
- Жергиликтүү бюджет-4430,4
2023-жылдын жергиликтүү бюджети- 17 623,8миң сом :
- Республикалык бюджет-13119
- Жергиликтүү бюджет- 4504,8
2024-жылдын жергиликтүү бюджети- 18 278,5миң сом :
- Республикалык бюджет- 13721,1
- Жергиликтүү бюджет-4557,4
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага: | Ж Иманкулов |