КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 18-чакырылышынын 5-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 9-сентябрындагы № 5/1
«Кара-Суу айылынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставынын 31.3-бөлүгүнө ылайык Кара-Суу айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын төмөндөгү атуулдарына “Кара-Суу айылынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
- Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович
- Жанузаков Калияс
- Касымбекова Бүбүсалый.
2. Тиешелүү күбөлүгү жана төш белгиси менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага: | Ж Иманкулов |