Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №17
Жайыт комитетинин 2026-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын жайыт жерлерин жакшыртуу, максаттуу пайдалануу, мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана экологияны сактоо максатындагы Атай айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын жайыт комитетинин 2026-жылга түзгөн иш планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомду Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы каттоого алсын жана Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыяласын.
4. Токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |