Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №18
Атай айыл аймагында жайыт акыны жана таштадыны өз каражаты менен төгүү боюнча тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Атай айылдык кеӊешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясын корутундусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарды пайдаланууну уюштуруу максатында малдын жайыт акысы төмөндөгүдөй белгиленсин:
- жылкыга 1 айга -15 сомдон, 8 айга Х 15= 120 (жүз жыйырма) сом,
- уйга 1 айга-15 сомдон, 8 айга Х 15= 120 (жүз жыйырма) сом,
-торпокко 1 айга -10,50 сом, 8 айга Х10,5= 84 (сексен төрт) сом;
- кой-эчкиге (жандыктарга) 1 айга 3,00 сомдон, 8 айга Х 3,00 = 24 (жыйырма төрт) сом
2. Курулуштан калган катуу калдыктарды өз техникасы менен таштанды төгүүчү жайга төгүү- 1 рейсине -1000 (миң) сом ,
3. Токтомду аткаруу жагы “Атай” муниципалдык ишканасынын башчысы С.Каттообековко милдеттендирилсин.
4. Токтомду Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы каттоого алсын жана Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыяласын.
5. Токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |