Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №19
Атай айыл аймагынын Көк-Арт участкасындагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун №331 контурунан 2,5 га, №670 контурунан 3,9 га, жалпы 6,4 га жер тилкесин Атай айыл өкмөтүнүн карамагына, муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын Көк-Арт участкасындагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун №331 контурунан 2,5 га, №670 контурунан 3,9 га, жалпы 6,4 га жер тилкеси Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 13.03.2026-жылдагы №11 токтомунун негизинде “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулгандыгына байланыштуу Атай айыл өкмөтүнүн карамагына, муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 16.03.2026-жылдагы №01-12/1106 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Көк-Арт участкасындагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун №331 контурунан 2,5 га, №670 контурунан 3,9 га, жалпы 6,4 га жер тилкеси “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулгандыгына байланыштуу Атай айыл өкмөтүнүн карамагына, муниципалдык менчикке өткөрүлсүн.
2. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тарабынан тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү, мыйзамдаштыруу жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Тогуз-Торо филиалынан каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомду Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы каттоого алсын жана Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыяласын.
4. Токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |