Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №20
Атай айыл аймагынын Арал, Бирдик айылдарына таза суу чыгаруу үчүн, Ноот участкасынын №1016 контуруна ичүүчү таза суу мунарасын куруу жөнүндө
Атай айыл аймагындагы Арал жана Бирдик айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында, калктын жашоо шартын жакшыртуу жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 21-беренесине ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагындагы Ноот участкасынын №1016 контурунан ичүүчү таза суу мунарасын курууга 1 (бир) га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Арал, Бирдик айылдарын аралап өткөн, таза суу кетүүчү суу түтүкчөлөрүн менчигинин түрүнө карабастан алып өтүүгө уруксат берилсин.
3. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу жана уруксат берүүчү документтерди алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы каттоого алсын жана Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыяласын.
5. Токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |