Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №21
Атай айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жана кошумча кызматтардын коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 8-пункттуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому жөнүндө Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагындагы көрүстөндөргө маркумдарды көмүү акысыз негизде жүргүзүлөрү белгиленсин.
2. Атай айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому менен бекитилген тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн жана кошумча кызматтардын коэффициенти К=0,3 деп белгиленсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы каттоого алсын жана Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыяласын.
5. Токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |