Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №23
Атай айыл аймагынын Көк-Арт участкасындагы №670 контурунан асфальт-бетон заводун курууга жер берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, Атай айылдык кеӊешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча” туруктуу комиссиясын корутундусун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Көк-Арт участкасындагы №670 контурунан 4,0 (төрт) га жер тилкеси асфальт-бетон заводун куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Жер тилкелерин бөлүп берүү, мыйзам талаптарына ылайык келишим түзүү, каттоодон өткөрүү жана тешелүү документтерин толуктоо жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3.Токтомду Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы каттоого алсын жана Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыяласын.
4.Токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |