Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №24
“Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынан “Миң-Теке” көмүр кенине бара турган техникалык жолго берилген 38,58 гектар жер аянтын алмашуу жолу менен Атай айыл аймагынын жайыт жеринен бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Тогуз-Торо районундагы “Миң-Теке” көмүр кенине изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн технологиялык жол куруу зарылдыгынан Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” жаратылыш паркынан 38,58 гектар алынгандыгына байланыштуу, алынган жер аянтын алмашуу жолу менен Атай айыл аймагынын жайыт жеринен берүү максатындагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 09.03.2026-жылдагы №01-12/1005 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын жайыт жеринен 38,58 га жер аянты “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркына алмашуу жолу менен берилсин.
2. Жер аянттарын алмаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |