Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №25
«Көк-Арт” кар көчкү станциясын куруу үчүн “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынан алынган 1 (бир) гектар жер аянтынын ордуна алмашуу жолу менен Атай айыл аймагынын жайыт жеринен жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Атай айыл аймагынын жайыт жеринен жер берүү максатындагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 09.03.2026-жылдагы №01-12/1005 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркынан «Көк-Арт» кар көчкү станциясын куруу үчүн алынган 1 (бир) гектар жер аянтынын ордуна алмашуу жолу менен Атай айыл аймагынын жайыт жеринен 1 (бир) гектар жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилүүчү жер аянты тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып, мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |